Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-марты №44/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүгө конкурс өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ижарага берүүгө конкурс өткөрүү үчүн конкурстук комиссиянын курамын бекитип берүү максатында, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсун талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен ижарага берүүгө конкурс өткөрүү үчүн конкурстук комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1Жусупов Ташболот. – айылдык кеңештин депутаты
2.Исаков Замирбек. – айылдык кеңештин депутаты
3.Борбодоев Шерикбай. – айылдык кеңештин депутаты
4.Айдарбек уулу Назарбек. – Жооптуу катчы
5.Эшназаров Маматжалил. – жер адиси
6.Таштемиов Каныбек. – салык кызматкери
7.Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгын өкүлү
8. Бардык айылдардын башчылары. (карамагындагы айылдар боюнча).
2. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ТИПТҮҮ ЖОБОго ылайык иш алып барышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Өмүрзаков |