Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты №44
2018-2019-жылдарга, жыл башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы, башында бекитилген айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2019-жылга аткарылышы.Социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
2018-2019-жылдарга, жыл башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы, башында бекитилген айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2019-жылга аткарылышы. Социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2020-жылга бекитүү жана 2021-2022-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө Үч-Төбө айыл өкмөттүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үч-Төбө айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2019-жылга аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөттүн 2020-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кабыл алынсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөттүн 2021-2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу ишке ашыруу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрүнө карабастан айыл өкмөттүн аймагындагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин .
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Акматовго тапшырылсын.
Төрага | Э.Өмүрзаков |