Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-марты №45
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 22-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып “Өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү боюнча кырдаалды айыл өкмөтүндө кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 22-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып “Өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү боюнча №93 –б буйругун аткарууга алуу жөнундөгү Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 22-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып “Өзгөчө кырдаал” режимин киргизүү боюнча №93–б буйругу айыл өкмөтүндө аткарууга жана жектекчиликке алынсын.
2. Алай районунун аймагында 2020-жылдын 22-мартынан тартып “Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими” киргизилгендиги белгиленсин.
3. Айыл өкмөтү Жарандык коргонуу күчтөрүн жана кызматтарын “Өзгөчө кырдаал” режимине өткөрсүн.
4. Калк арасында өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
6. Адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн кол тийгис каражаттарды бөлүп, максаттуу жумшасын жана биринчи кезекте керектелүүсү азык-түлүктөрдүн, керектүү каражаттардын кору камсыздалсын.
7. “Өзгөчө кырдаал режими” жарыялангандыгына байланыштуу калктын калың катмарына коронавирус оорусунан сактануу эрежелери, эпидемиялык коопсуздукту камсыздоо тартиби, аба жана тыгыз байланышуу аркылуу жугуучу респиратордук-вирустук инфекциялардан сактануу чаралары боюнча калктуу конуштарда санитардык агартуу иштери жүргүзүлсүн жана айылдарда санитардык-карантиндик блок-постор элдик демилге менен жайгашуусуна уруксат берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө уюштуруу укук маселелер жана мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен байланышта иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Т.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Өмүрзаков |