Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-марты №45/1
Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Үч-Төбө айыл өкмөтүндө айрым иш чараларды кийинкиге калтыруу жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алган ижарачылар менен түзүлгөн келишимдердин мөөнөтү бүтүп, кайра аукцион жарыланган. Учурдагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу ал жерлерге жарыланган аукционду белгесиз мөөнөткө жылдыруу максатында, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсун талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында кабыл алынган Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги келишимдеринин мөөнөтү бүткөн жерлерге, жарыланган аукцион белгесиз мөөнөткө калтырылсын.
2. 2020-жылга келишимдери аяктаган ижарачылар 2020-жылга ошол эле жерлерин иштетүүгө уруксат берилсин жана ижара акысы мурунку келишимде каралган суммада жыйналсын.
3. Ижарачылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин алып баруу М.Эшназаровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовго тапшырылсын.
Төрага | Э.Өмүрзаков |