Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы №46
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө жайыт комитетинин 2020 - жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу максатында, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жана жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган жарандарга чара көрүү маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Акуновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоорун ишке ашыруу боюнча, жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктураларын жакшыртуу максатында каралган долбоорлорду ишке ашыруу жана тыштан келген малдарга чара көрүү менен бирге жайыт мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жагы Үч-Төбө жайыт комитетинин төрагасы К.Акуновго милдеттендирсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин;
№ | Малдын түрү | Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү мал(сом) | Башка айыл өкмөттөрдөн келген мал (сом) | Башка райондон келген мал (сом) |
1 | Уй,жылкы,топоз. | 50 | 150 | 200 |
2 | Кой, эчки. | 10 | 50 | 70 |
3 | Торпок,кулун. | 50 | 70 | 100 |
4 | Эшек | 40 | 50 | 80 |
3. Жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджети бекитилсин. (тиркеме №1)
4. Сырттан келген малдарды айылдын айланасындагы кышкы жана жазгы жайыттарга жайууга тыюу салынсын.
5. Баардык жайыт пайдалануучуларга, жайыт комитети менен келишим түзүп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка чыгууга уруксат берилсин.
6. Элдин койлорун баккан чабандар келишимдин негизинде жайыт акыны төлөп, жайыт билеттерин алгандан кийин жайытка уруксат алышсын.
7. Жайыт мыйзамдарын жана ушул токтомдун эрежелерин бузган жайыт пайдалануучулар, Бузуулар кодекстин негизинде жоопкерчилик тартышат.
8. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетине жана баардык айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеңешинин төрагасы: Э.Өмүрзаков
Бекитилди:
Үч-Төбө айылдык кенешинин
Төрагасы:_____________Э.Өмүрзаков ;
_______”______________ 2020ж.
Үч-Дөбө жайыт комитетинин 2020-жылга түзүлгөн бюджети.
Киреше бөлүгү:
№ | Айылдын аталышы | ШМБ.шарттуу мал башы | ШМБга акы сом | баары | эскертүү |
1 | Ак-Жай | 1122 | 50 | 56100 |
|
2 | Гежиге | 300 | 50 | 15000 |
|
3 | Кичи-Каракол | 1230 | 50 | 61500 |
|
4 | Чоң-Каракол | 1080 | 50 | 56500 |
|
5 | Кызыл-Алай | 906 | 50 | 50300 |
|
6 | Ак-Босого | 1112 | 50 | 60600 |
|
7 | 2019-жылдагы калган калдык | - | - | 72620 |
|
8 | Башка максаттан | - | - | 180000 |
|
| Баары: | 5500 |
| 552620 |
|
Чыгаша бөлүгү
№
|
Аталышы |
Бир айга сом |
Саны (айы) |
Суммасы сом |
эскертүү |
1
| Айыл өкмөттүн бюджетинде калат |
|
|
91666 |
|
2 | Социалдык төлөм |
|
| 13455
|
|
3 | Жайытты жакшыртууга |
|
| 224499 |
|
4 | Транспорттук чыгым | 800
| 12
| 9600
|
|
5 | Канц. Товар, интернет, ММК. | 366 | 12 | 4400 |
|
6 | Асоциацияга мүчөлүк акы | 1000 | 10 | 10000 |
|
7 | Төраганын эмгек акысы | 4500 | 12 | 54000 |
|
8 | Алай токойчулугунун эсебине которуу |
|
| 45000 |
|
9 | ХОВО центрге | - | - | 100000 |
|
| Бардыгы; |
|
| 552620 |
|
Үч-Дөбө жайыт комитетинин төрагасы К.Акунов