Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-июну №47
№15 Т.Жумабаев атындагы орто мектептин эскилиги жеткен кошумча корпусун бузуу жөнүндө
№15 Т.Жумабаев атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен №2 эски корпусунун пайдаланууга жараксыз актынын негизинде жана мектептин кошумча жаңы курулуп жаткан курулушуна тоскоолдук жараткан ар кандай техникалык иш кагаздары жок имараттарду бузуу максатында комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовдун билдирүүсун талкуулап, Үч-Төбө Айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №15 Т.Жумабаев атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен №2 эски корпусунун пайдаланууга жараксыз актынын негизинде жана мектептин кошумча жаңы курулуп жаткан курулушуна тоскоолдук жараткан ар кандай техникалык иш кагаздары жок имараттарду бузуу боюнча комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.Камчыбеков Бектурган – комиссиянын төрагасы, ардагер мугалим, Т.Жумабаев атындагы мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы.
2.А.Шамшиева – комиссиянын катчысы, метеп мугалими
Мүчөлөрү:
3. А.Темирбаева– комиссиянын мүчөсү маданият үйүнун директору
4. Р.Абдукеримов– комиссиянын мүчөсү мугалим
5. Ш.Атабаев– комиссиянын мүчөсү чарбалык бөлүмдүн башчысы
6. Т.Бектурган уулу – комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
7. К.Белеков – комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
8. А.Сатимкулов – комиссиянын мүчөсү Кичи-Каракол айылынын башчысы
9. С.Ахунов – комиссиянын мүчөсү Ак-Жай Гежиге айылдарынын башчысы
2. Бузулган имараттардан чыккан материалдык баалулуктар аукцион менен сатылып, айыл өкмөтүнүн эсеп кысыбына төгүлсүн жана сатуу иштерин уюштуруу, аукционду мыйзам чегинде өткөрүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Жаңы курулуп жаткан мектепке тиешелүү болгон эски имараттардын ордун тез арада бошотуп берүү жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүп мектептин чарбалык иштерине жумшоо жагы мектеп директорунун милдетин аткаруучу Ыса уулу Санжарга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Өмүрзаков |