Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-ноябры № 103/23
Звезда участкасы боюнча жүргүзулуп жаткан иштер жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ибраимов Звезда участкасынан жарандарга турак жай курууга жерди трансформациялоо боюнча тактоо иштерин жүргузгөндө ал жерде негизинен Жээренчи, Кара-Дыйкан айылдарынын тургундарынын кайрак үлуш жерлери болгондугу аныкталгандыгын алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө жерлерин алмаштырууга макул эместиктерин билгизишкендигин маалымдаганын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жарандарга үй курууга Звезда участкасынан болбосо башка айыл чарбага жараксыз жерлерди изилдеп таап трансформация кылуу иштерди жүргузүү айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси А.Балтабаевге тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Акматов |