Редакцияот 23.12.20119
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXIV сессиясы

 

2019-жылдын 23-декабры №108/24

Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл аймагында жайгашкан узундугу 7,7 км Кара-Дыйкан жана Кызыл-Дыйкан айылдарындагы автомобиль жолу муниципиалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү жамааттын кайрылуусун эске алып, Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы Айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп талкуулап, айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы айыл аймагында жайгашкан узундугу 7,7 км Кара-Дыйкан жана Кызыл-Дыйкан айылдарындагы автомобиль жолу муниципиалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Жазы айыл аймагында жайгашкан узундугу 7,7 км Кара-Дыйкан жана Кызыл-Дыйкан айылдарындагы автомобиль жолу муниципиалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, энергетика, курулуш, соода, транспорт боюнча турукутуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Акматов