Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-майы № 109/25
2019-жылда үнөмдөлгөн акчаларды чыгымдоо жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтү боюнча 2019-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 5 621,0 сом акча каражаты төмөндөгүдөй максаттарга жумшалсын.
-Жазы айыл өкмөтүнүн архивариус кызматынын эмгек акысына 40,0 миң сом;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.03.2020-жылдагы № 92б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына короновирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 114 жана 115-беренелерине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын укук коргоо оргондарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык 160,0 сом айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине эмгек акыга бөлүнүп берилсин,
-Мойдунов орто мектебинин от казанын сатып алууга 310,0 сом ;
-А.Абдыкеримов орто мектебине парталарды алууга 150,0 сом;
-Аппаратка орг. техника алуу үчүн 70,0миң сом ;
-Компьютерлерди оңдоого 15,0 сом;
-Кызыл-Дыйкан айылынын Жакып ажы көчөсүнө шагыл төгүүгө 80,0 сом;
-Труба алууга 20,0 сом ;
-Кара-Дыйкан айылынын Ынтымак участкасына электр чубалгыларын сатып алууга 200,0 сом;
-Участкалык милиция бөлүмчөсүнө күйүүчү май менен камсыздоого 50,0сом;
-Мүмкүнчүлүгү чектелген жаран Апитаева Урозкүлгө коляска алууга 80,0 сом;
-Проект, сметаларды жасоого 63,2сом;
-Тазалык ишканасына 100,0сом;
-Бала бакчалардын сатып алуу жана ар кандай чыгымдарына 714,4сом;
-Жазы айылына кичи футбол аянтчасын курууга 1433,4 сом;
-кредитордук карыздарга 1655,0 сом;
-Арис программасынан бөлүнгөн 1045,0 сом акчага өздүк салым катары 250,0 сом;
-Жээренчи айылына 230,0 сом мамыча, чубалгыларына бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Акматов |