Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 08-майы № 112/25
Жазы айыл өкмөтүнүн Жазы айыл аймагында маареке тажияларды ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо жана дин иштери боюнча туруктуу комисиясынын “Ильичевка биримдиги” жаштар уюмунун маареке, тажыяларда ыксыз чыгымдар боюнча сунушун карап чыгып Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ильичевка биримдиги” жаштар уюмунун сунуштарын колдоого алынсын жана айылдарга жайылтылсын.
2. Тажияга эки койдон ашык мал союлбасын.
3. Пайшамбалик, жетилик маарекелери айылда токтотулсун
4. Кырктык өзүнүн мааласи жана жакын туугандары менен өткөрүлсүн, улуттук калпак жана материалдардын ордуна 50 сомдон 100 сомго чейин акчалай алып барышсын.
5. Аялдар кеңешинин төрайымы аялдар арасында түшүндүрү иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
6. Маала башчылары квартал сайын аткарылып жаткандыгын айыл өкмөтүнө билдирүү берип турушсун.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомду элдик жыйында элге жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңешинин депутаттык этика, регламент, мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо жана дин иштери боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Акматов |