Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры № 20-1
Айыл аймактагы айылдардын көчөлөрүнө ат коюу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.11.2019-жылдагы отурумунун №23-протоколунун, айыл аймагындагы айылдарындагы көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү чечиминин негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылынын Стадион көчөсүнө Жоробаев Сагынбайдын аты берилсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак айылындагы көчөгө Шамшад тар көчөсүнө Юлчиев Мухаммаджандын аты берилсин.
3. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылынын жаңы конуштарынын 1,2,3,4,5-көчөлөрүнө Барсбек, Барсбек -1, Барсбек -2, Барсбек -3 жана Барсбек -4 аты берилсин жана ошол эле конуштун 8-көчөсүнө Сатиев Адимбайдын аты берилсин.
4. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жаны-Турмуш айылынын Сүрөттүү-Таш участкасынын көчөлөрүнө Тажибаев Саипжан, Хабибулин Халилулло, Абидов Махамджан, Жалилов Хайрулло, Садыков Пазылжан, Кочкаров Эргашхан, Садыков Абдукадыр, Хабибуллаев Хайрулло, Алимов Шукурулло, Мамедов Гариф, Абдазимов Махамаджан, Каримов Токтосин, Темиров Комилжон, Газиев Мамахан, Джураев Хотамжон, Жураев Тоиржон, Абдалимов Паттахон, Нурматов Тавакалжон, Раимжанов Адахамжан, Шокирова Адалатхан, Собиров Позилжон, Мансуров Номонжан жана Мадусманова Хикматхондын аты берилсин.
5. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |