Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры № 20-2
О.Рахманов көчөсүнүн газ түтүктөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун Ошгаз филиалынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, күн тартибиндеги: Жаңы-Турмуш айылынын О.Рахманов көчөсүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Турмуш айылынын О.Рахманов көчөсүнө тартылган узундугу 2700 метр болгон газ түтүктөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун Ошгаз филиалынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |