Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры № 20-3
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишимди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, күн тартибиндеги: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишим негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Келишимде көрсөтүлгөн тараптардын милдеттеринин жана укуктарынын негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын калктты каттоо жана жарандык абалынын актыларын каттоо депортаментинин Кара-Суу райондук башкармалыгына бир штаттык бирдикте Маматов Аскарбекке ыйгарым укук берилсин.
2. Берилген ыйгарым укуктарды аткаруучу адистерди кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине калтырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |