Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 07-декабры № 20-4
“Достук-автожол” өткөрмө пунктуна навест куруу үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, күн тартибиндеги: КРнын Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ош областы боюнча башкармалыгынын башчысы И.Талиповдун 16.07.2019-жылдагы №3/724 катын негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Достук-автожол” өткөрмө пунктунан өтүүчү жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында навест куруу үчүн 94000 (токсон төрт миң) сом акча каражаты Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылсын.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |