Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры № 20-5
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” келишимди кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, күн тартибиндеги: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү” типтүү келишим негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Келишимде көрсөтүлгөн тараптардын милдеттеринин жана укуктарынын негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кара-Суу райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына үч социалдык иштер боюнча адис штаттык бирдикте ыйгарым укук берилсин.
2. Берилген ыйгарым укуктарды аткаруучу адистерди кызматка кабыл алуу жана кызматтан четтетүү укугу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине калтырылсын.
3. Келишимдин мөөнөтү эки жылга белгиленсин. Жумуштун жүрүшүнө карап мөөнөтүн узартуу каралсын.
4. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |