Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры № 20-6
“Шамшат-Суу” ИСКАКБга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XХ сессиясы, күн тартибиндеги: “Шамшат-Суу” ИСКАКБнын электр энергиясына болгон карызынан кутулуу үчүн 400000 (төрт жүз миң) сом акчаны 2 жылдык мөөнттө кайтарып берүү келишими менен сурап жазган А.Умурзаковдун билдирүүсүнүн негизинде, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Шамшат-Суу” ИСКАКБнын электр энергиясына болгон карызынан кутуулуу максатында айыл өкмөттүн бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты 2 жыл мөөнөттө кайтарып берүү келишими менен ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсү.
Төрага | Д.Сатвалдиев |