Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-1
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2019-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана 2019-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга карата киреше бөлүгү 48 566,3 миң сомдон, аткарылышы 56 983,6 миң сомго же 117,3 пайызга, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 45 935,8 миң сомго, же 94,6 пайызга аткарылганы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылдан калдык болуп.
калган 10 909,7 миң сом акча каражатын 2020-жылдын бюджетине киреше болуп киритилип жана 10 909,7 миң сом чыгаша болуп бекиилсин.
3. Айыл өкмөтү жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |