Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-2
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин долбоорун, 2022 жана 2023-жылдарга божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата долбоорун, 2022 жана 2023-жылдарга божомол долбоорун бекитүүжөнүндөгү“ маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүн долбоору 30 890,9 мин сомго жана чыгаша бөлүгү30 890,9 бекитилсин
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга божомол долбоорунун киреше бөлүгү31 500,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү31 500,9 сомго жана 2023-жылга божомол долбоорунун киреше бөлүгү32 011,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү32 011,9 сомго бекитилсин
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүүжана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |