Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетинен берилүүчү теңдөөчү гранттан (дотациядан) чыгуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги XХII сессиясы күн тартибиндеги Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетинен берилүүчү теңдөөчү гранттан (дотациядан) чыгуу жөнүндөгү маселе боюнча айылдык кеңешинин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 7-февралындагы отрумунун протоколдорунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджетинен берилүүчү теңдөөчү гранттан (дотациядан) чыгарылсын
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |