Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-4
Айылдык кеңештин отрумдарынын пртоколдорунун чечимдерин кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык күн тартибиндеги: “Айылдык кеңештин депутаттарынын 2020-жылдын 31-мартындагы, 2020-жылдын 4-апрелиндеги кеңейтилген отрумдарынын жана айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын” 2020-жылдын 24-апрелиндеги пртоколдорунун чечимдерин кароо жөнүндөгү” маселесин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын 2020-жылдын 31-мартындагы кеңейтилген отрумунун пртоколунун чечими боюнча, короновирус инфекциясынын таркалышына каршы жүргүзүлүүчү иштерге 250,0 миң сом ажыратылсын
2. Айылдык кеңештин депутаттарынын 2020-жылдын 04-апрелиндеги кеңейтилген чукул отрумунун пртоколунун чечими боюнча, учурдагы короновирус илдети боюнча кырдаалга байланыштуу айыл аймагындагы биринчи тайпадагы майыптарга 20 кг унга жана 5 литр өсүмдүк майына 1000,0 сомдон акча каражаты ажыратылсын
3. Айылдык кеңештин депутаттарынын 2020-жылдын 04-апрелиндеги кеңейтилген отрумунун пртоколунун чечими боюнча, 2020-жылдын 01-январына атайын каражаттар эсебиндеги ата-энелердин төлөмүнөн (родительский взнось) үнөмдөлүп калдык болуп калган 138 065 сом акча каражаты айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларынын берген билдирүүсү боюнча сметалардын негизинде жумшалсын
4. Айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 24-апрелиндеги отрумунун пртоколунун чечими боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-мартындагы № 92-р распоряжениесинин негизинде, айыл өкмөтүнө «коронавирус» инфекциясына байланыштуу дем алыш күдөрү иштеген айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн акча каражаты бөлүнсүн.
5. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |