Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-5
Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын курулушуна колдоо корсөтүү үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык күн тартибиндеги: Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн 2020-жылдын 28-майындагы чыгыш № 1-3056 сандуу катындагы Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын курулушуна колдоо корсөтүү үчүн акча каражатын ажыратуу боюнча сураныч каты жөнүндөгү маселесин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсү ачылгандыгына байланыштуу жаңы имараттын курулушуна колдоо корсөтүү максатында 150,0 миң сом ажыратылсын
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |