Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-6
Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Белкыштак” чек ара постуна жайкы ашкана курууга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Ак-Буура” чек ара заставасынын 2020-жылдын 11-февралындагы, Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Белкыштак” чек ара постуна жайкы ашкана курууга каражат бөлүп берүү боюнча сураныч каты жөнүндөгү маселесин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Ак-Буура” чек ара заставасынын Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан “Белкыштак” чек ара постунун жайкы ашканасынын курулушуна колдоо көрсөтүү максатында 72 420 сом ажыратылсын
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |