Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-7
Материалдык жардам сураган жарандарга колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Айыл аймагынын тургундарынан турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам сурап жазган арыздарын жана айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 02-июнундагы отрумунун № 25 - пртоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айылынын тургуну Абдураимова Канайымдын небереси Туратбеков Омурбектин операциясына 20,0 мин сом колдоо көрсөтүлсүн.
2. Коммунист айылынын тургуну Халикова Шахидахандын операциясына 10,0 мин сом колдоо көрсөтүлсүн..
3. Кызыл-Кыштак айылынын Бадалов көчөсүнүн жашоочусу Назарова Розанын ден-соолугу чектелген баласы Назарова Мадинахандын дарылануусуна 15,0 мин сом колдоо көрсөтүлсүн..
4. Жаны-Турмуш айылынын Х.Абдуллаев көчөсүнүн 20- уйунун жашоочусу Максудова Муминанын кызы Максудова Гулнозанын дарылануусуна 10,0 мин сом колдоо көрсөтүлсүн.15-16
5. Керме-Тоо айылынын тургуну эмгектин ардагери Мусабаев Мурзалыга операциясына 10,0 мин сом колдоо көрсөтүлсүн.
6. Ишкаван айылынын тургуну Рахманов Акылбектин дарылануусуна 10,0 мин сом колдоо корсотулсун.
7. Керме-Тоо айылынын тургуну көп балалууМирзаева Нуриянын куруп жаткан үйүнүн курулушуна айыл өкмөтүндөгү иштетилген материалдардан (шифер, жыгач) жардам көрсөтүлсүн.
8. Бул чечимди аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |