Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-8
Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылдагы милициянын аймактык пункуту жайгашкан имаратты Кара-Суу РИИБнин Кызыл-Кыштак айылдык аймактык милиция бөлүмчөсү ачылганына байланыштуу мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы күн тартибиндеги: Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБнүн 2020-жылдын 22-майындагы, Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Х.Атаханов көчөсүндө жайгашкан, азыркы учурдагы милиция аймактык пункутунун имаратын Кара-Суу РИИБнин Кызыл-Кыштак айылдык аймактык милиция бөлүмчөсү ачылгандыгына байланыштуу Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБнин балансына өткөрүп берүүнү суранган чыгыш № 2-2867 сандуу катын жана айылдык кенештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын” 2020-жылдын 29- майдагы отрумунун протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу РИИБнин Кызыл-Кыштак айылдык аймактык милиция бөлүмчөсү ачылгандыгына байланыштуу Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Жаңы-Турмуш айылындагы Х.Атаханов көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн балансындагы имарат 350,0 чарчы метр жер аянты менен, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статьясынын, 14-статьясынын 32-статьясынын 4-пункутуна жана 44-статьянын 3-пункутуна ылыйык, келишимдин негизинде Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБге ижара акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2. Бул чечимди аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |