Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22- 9
“Нодир” фермердик чарбасынын жерлерин “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр-жайынын, транспорттун,байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүдө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын” 2020-жылдын 28-майындагы “Нодир” фермердик чарбасынын менчигиндеги жеринин категориясын өзгөртүү жөнүндө арызын боюнча чогулушунун протоколун кароо жөнүндөгү маселесин карап чыгып, талкуулап Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү Жаңы-Турмуш айылындагы “Нодир” фермердик чарбасынын жеке менчигиндеги 1,20 га жана 0,20 га жер аянттары жалпысы 1,40 га жер аянтын индустриалдык-логистикалык борборун куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-кыштак айылдык кенешинин “Жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |