Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-10
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдын 26-июнунундагы кезексиз XIХ сессиясынын № 19-5 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы, күн тартибиндеги: Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 224-2 сандуу катынын негизинде Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдын 26-июнунундагы кезексиз XIХ сессиясынын № 19-5 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” сунушу боюнча маселесин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдын 26-июнунундагы кезексиз XIХ сессиясынын № 19-5 токтомунун 1-пунктундагы:
“Маткасымов Азизбек Бекмаматовичтин “Коммунист” айылында жайгашкан “айыл чарба багытындагы” 0,60 га үлүш жер аянты, айыл чарба багытында эмес жерлер: “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын” деген текстине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Маткасымов Азизбек Бекмаматовичтин “Коммунист” айылындагы № 1019 контурунда жайгашкан “айыл чарба багытындагы” 0,60 га үлүш жер аянтына, индустриалдык-логистикалык борборун куруу үчүн айыл чарба багытында эмес жерлер: “өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына сунушталсын
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |