Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-13
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын чогулуштарынын пртоколдорунун сунушун кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын сегизинчи бөлүгүнүн 112-беренесине ылайык, күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын” айыл аймагында аныкталган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү 2020-жылдын 01-июнунудагы чогулушунун протоколунун сунушунун карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Турмуш айылынын “Сүрөттүү-Таш” участкасындагы № 899 контурдагы 0,40 га жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Мунципалдык менчике алынган жерлерди ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571-токтому менен бекитилген типтүү жобонун негизинде аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | Д.Сатвалдиев |