Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 02-июну № 22-15
Айылдык кеңештин төрагасынын жана жооптуу катчысынын штаттык бирдигин жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезектеги XХII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 28-майындагы № 01-25 / 119 саны менен айылдык кеңештин сессиясын кароосуна киргизүү жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 124 токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” № 64- негизинде айылдык кеңештин төрагасынын жана жооптуу катчысынын кызмат орду жана алардын айлык акылары жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрага кызмат орду жана жооптуу катчыснын 1 штаттык кызмат орду жана алардын айлык акылары белгиленген тарифтин негизинде бекитилсин
2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Д.Сатвалдиев |