Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-июну № 137
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын жана 2020-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн планын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренсинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын жана 2020-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн планын бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2019-жылдагы аткарган иштери эске алынсын.
2. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2019-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00 (төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 483875-00 (төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш ) сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
3. Салам-Алик Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 483875-00(төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш) сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 483875-00 (төрт жүз сексен үч миң сегиз жүз жетимиш беш) сомго сомго бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |