Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну № 138
Жайыт пайдалануучулардын акы төлөөсү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн ар бир шарттуу малдын башына 75-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда : Кой-эчкиге 15-00 сом;
Жылкыга 75-00 сом;
Кара малга 75-00 сом;
2. Райондун аймактарынан келген жайыт пайдалануучулар үчүн ар бир баш шарттуу малдын башына 150-00 сомдон жайыт акы алынсын.
Тактап айтканда: Кой-эчкиге 30-00 сом;
Жылкыга 150-00 сом;
Кара малга 150-00 сом;
3. Малчы чабанга мал баккандыгы үчүн эмгек акы:
Кара малга 300-00 сом;
Кой-эчкиге 85-00 сом;
4. Элдин малын баккан малчы-чабандар жаз мезгилинде15-апрелден кийин, жатакчылар 1-майдан кийин жайлоого көчүп чыгышсын.
5. Элдин малын баккан малчы-чабандар күз мезгилинде 20-сентябрдан кийин, жатакчылар 10-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Салам-Алик Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин айыл жана токой чарба тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Таштемиров |