Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-июну № 140
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата бюджетинин жана атайын каражат эсэебинен өткөн калдык акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде иштетүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик” Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы-экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына бюджеттен жана атайын каражат эсебинен калдык болуп өткөн акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына бюджеттен калдык болуп өткөн 2900855 (эки миллион тогуз жүз миң сегиз жүз элүү беш) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде тиешелүү бөлүкчөлөргөсмета түзүлүп иштетилсин.
2. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына атайын каражат эсебинен калдык болуп өткөн 131105 (бир жүз отуз бир миң бир жүз беш) сом акча кражатын айыл өкмөтүнүн сунуштарынын негизинде бала бакча бөлүкчөсүнөсмета түзүлүп иштетилсин.
3. Токтомдун атарылышын көзөмөлдөөжагы финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Таштемиров |