Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-июну № 141
Салам-Алик айыл аймагындагы көмүр кен ишканаларынын акча каражаттарын айыл өкмөтүнүн социалдык обьекттерине которуу жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна ылайык Салам-Алик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Байрак айылындагы Т.Борубаев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүп берүү жагы “Өзгөн Көмүр” ассосациясынын төрагасы А.Кимсановдон суралсын
2. Мырза-Аке-Кара-Шоро автожолунан өткөн оор жүк ташуучу автоунаалардан чыккан чаңдардан коргоо боюнча күн сайын 4 жолудан суу сееп туруу боюнча көмүр кен ишканаларынан суралсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А.Таштемиров |