Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-марты №120
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХ-сессиясынын күн тартибиндеги айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин киреше бөлүгү 435 мин ( төрт жүз отуз беш мин ) сомго алымча кошумчасы менен чегерилсин.
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Абдуллаев Улукбекке жайыт салыктарын убагында топтоо жана төгүү жагы милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджетин көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин текшерүү комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Курманбеков |