Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты № 123
Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчү келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI- сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2020-жылдын 20-апрелине чейин жогорку жайыттарга көчүп кетсин .
2. Мал бакмачылар 20- сентябрь айынан кийин жайлоодон көчүп келишсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Чолпонбаев Карыпбайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн .
Төрага | С.Курманбеков |