Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты № 124
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүч жайыт төлөмү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI-сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн элдеринин малын бакмачыга берүүдө малчынын кызмат акысын белгилөө жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилүүчү жайыт төлөмү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мал багуучулар бир баш кой-эчкиге 80 сомдон, бир баш кара малга 350 сомдон, бир баш жылкыга 400 сомдон кызмат акысы алынсын
2. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында бир баш кара малга 75 сом, бир баш жылкыга 75 сом, кой- эчкинин ар бир башына 15 сомдон жайыт төлөмү бекитилсин. 3.Ар бир мал башына чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин
4. Ар бир мал бакмачы айыл аймагындагы ортоңку жана жогорку жайыттарга жатактоо боюнча жайыт комитетинин төрагасы Чолполнбаев Карыпбайга менен келишим түзүп чыгышсын
5. Сыртан келген мал–жандыктарды жогорку жайлоого багуу жагы жатакчыларга милдеттендирилсин
6. Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Чолпонбаев Карыпбайга милдеттендирилсин
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевке жүктөлсүн
Төрага | С.Курманбеков |