Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты № 125
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп орок жерлерин айдап,оруусу боюнча жеке менчик техникасы баасын атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI-сессиясынын күн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айдоо жана чөп орок жерлерин айдап, оруусу боюнча жеке менчик техникасы бар атуулдарга кызмат акысынын бааларын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 1 сотых жер айдоого 20 сомдон, маласына 10 сомдон, чөп орок 1 сотых жерге 18 сомдон , грепка 9 сом, пресс подборщикке 13 сомдон баасы бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн
Төрага | С.Курманбеков |