Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты №127
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI-сессиясынын күн тартибиндеги “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 4-5 пункутуна, 4- бөлүмүнүн 31-беренесинин 14-пункутуна жана 6-бөлүмдүн 47- беренесинин 5-пункутуна ылайык маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ийри-Суу айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында ачылган Кыргызстан айылындагы “Таза суу” Жийде айылындагы “Таза суу” аталыштагы “Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аймактык коомдук бирикмелери” жоюлсун.
2. Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүкчөлөрүнүн материалдык – техникалык баалуулуктарын айыл өкмөтүндө атайын комиссия түзүп инвентаризация жүргүзүп,таза суу түтүкчөлөрүн айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаевке милдеттендирилсин.
3. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында таза суу боюнча биргелешкен муниципалдык ишкана түзүүгө уруксат берилсин.
4. Аталган муниципалдык ишкана “Жийде” аймактык биргелешкен муниципалдык ишкана ” деп аталсын.
5. “Жийде” биргелешкен муниципалдык ишкана” түзүү үчүн керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы М.Икрамовго жүктөлсүн.
6. Токтомун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер маселелери жана айыл чарбасынын боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мисиралиев Замирбекке жүктөлсүн.
Төрага | С.Курманбеков |