Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты №129
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза-Суу “Жийде” аймактык биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчиси А. Макешовдун сунушун бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза-Суу “Жийде” аймактык биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчиси А. Макешовдун жеке менчик суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюу сунушун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргызстан, Жийде айылдарында Таза-Суу жеке түтүкчөлөрүн пайдалануучулар 2020- жылдын 1- май айына чейин суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюу жагы милдеттендирилсин. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Таза-Суу түтүкчөлөрүн пйдаланыуучулар Таза-Суу түтүкчөлөрүнө учетчик койдурбаса сүү түтүкчөлөрү кыркылсын.
2. Суу түтүкчөлөрүнө учетчик коюга кеткен чыгымдары жеке таза суу пайдалануучулардын эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Таза-Суу “Жийде” аймактык биргелешкен муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | С.Курманбеков |