Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 10-марты № 130
АРИСтин ПРЖР–2 долбоорунун алкагында алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХI- сессиясынын күн тартибиндеги АРИСтин ПРЖР –2 долбоорунун алкагында алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аймактагы жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү үчүн, АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында алынган Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Фронталдык погрузчикти Ийри-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине пайдаланууга өткөрүп берүү үчүн Ийри-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамына түзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ийри-Суу айылдык кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаев, Мыйзам жана укук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мамадалиевке тапшырылсын.
Төрага | С.Курманбеков |