Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020- жылдын 23-марты № 132
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына Блокпост коюу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХХII- сессиясынын күн тартибиндеги Короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдын негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына карантиндик Блопост коюу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Короновирус инфекциясын алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаалдын негизинде Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына карантиндик Блопост 2020- жылдын 24- март айынан 24- апрель айына чейин Кыргызстан айылындагы Рахматов Сагынбай ажы көчөсүнүн түштүк жагына коюлсун
2. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу айыл аймагында штаб курамы жана демилгечи топ түзүлсүн
3. Карантиндик Блокпосту коюп көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Тиленбаевке жүктөлсүн
Төрага | С.Курманбеков |