Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-июну №135
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020-жылга штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2016-жылдын 29- декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө ”Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамлелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020- жылдын 28- майындагы № 01-25| 119–сандуу катынын негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020- жылга штаттык бирдигин бекитип берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысынын 2020- жылга штаттык бирдиги бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык бирдикке акча каражатын төлөп берүү жагы Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Икрамовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Курманбеков |