Редакцияот 18.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ОТУЗ ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫНЫН (VI ШАЙЛАНГАН)

3АСЕДАНИЯСЫ

 

2020-жылдын 18-февралы №32/1

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Чалма айыл аймагындагы №5022-Токбай-Талаа жана №5023-Буйга участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына шайлоочулардын жыйындарынан сунуш кылынган талапкерлер жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Чалма айыл аймагындагы №5022-Токбай-Талаа жана №5023-Буйга участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына шайлоочулардын жыйындарынан сунуш кылынган талапкерлер жөнүндө протоколдорун, тиешелүү документтерин талкуулап көрүп депутаттардын Чалма айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Чалма айыл аймагындагы №5022-Токбай-Талаа жана №5023-Буйга участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына шайлоочулардын жыйындарынан сунуш кылынган талапкерлердин талапкерлиги жактырылсын, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитип берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын

2. Чалма айыл аймагында жайгашкан шайлоо участкаларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын курамдары боюнча сунуш Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык Кенешинин төрагасы:                                                                                                        А.Кадыркулов