Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 33/1
Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго:
-айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;
айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;
калкты таза суу. сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:
муниципалдык. социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу
калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салуу;
ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтируу сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадыркулов |