Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 33/3
Жайыт комитетинин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбев Улукбектин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап. Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбаев Улукбектин 2019-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын
2. Жайыт комитетинин төрагасы Жаанбаев Улукбекке;
-Чалма айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу жана туура пайдаланууну камсыз кылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин агрардык азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадыркулов |