Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 33/4
Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу”муниципалдык ишканасынын 2020-жылга сметалык тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык «Үч-Чат-Тунук-Суу”муниципалдык ишканасынын 2020-жылга сметалык тарифин бекитүү максатында Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу” муниципалдык ишканасы калкка кызмат көрсөтүүдө ичүүчү суунун тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
Токбай-Талаа айылынын жашоочуларына;
Көчөдөгү суу түтүгүнөн пайдаланган 1 жанга-1 айга 12 сом 50 тыйын.
Короосунан пайдаланган тургундарга 1 жылдык төлөм 1500( бир мин беш жүз) сом.
Бюджеттик мекеме уюмдар төлөбөйт.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Кадыркулов |