Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 33/5
«Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2020-жылдын 11-мартындагы чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Өлкѳбүздүн экономикалык , интеллектуалдык жана рухий потенциалын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук –маданий, гуманитардык , кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2020-жылдын 11-мартындагы №1 чечими бекитилсин.
2. «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын 2020-жылдын 11-мартындагы №1 чечимине ылайык , тѳмѳндѳгү жарандарга 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын жана «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» тѳш белгиси , ошондой эле Чалма айылдык Кенешинин ардак громатасы менен сыйланышсын.
- Айдаралиев Мамадали
- Макыев Тургунбай
- Алишов Полот
3. Ардак наам ээлерине сыйлыктарды тапшыруу , Жобого ылайык, 2020-жылдын 21-мартында ѳтүүчү майрамдык салтанатка белгиленсин жана анын аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу «Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча түзүлгѳн атайын комиссиянын тѳрагасы Балтабаев Жыргалга милдеттендирилсин.
Төрага | А.Кадыркулов |