Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 149-27
Жер тилкесин бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсү боюнча жер участогун бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 54 токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсү боюнча далдаштыруу номери 7-01-03-1001-4025 жалпы аянты S=3748,03m2 № 3 жер тилкесин беш ез алдынча тилкелерге бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө жана тоорукка коюуга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |