Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 150-27
Курамдык долбоорду жана кичи долбоорду бекитүү жөнүндө
Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелинде № 116 токтому менен бекитилген “Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жободо каралган АРИСтин айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (АИД-3) боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо боюнча айылдын чогулушунун протоколун угуп жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсү боюнча “Айыл үйү” курамдык долбоору бекитилсин.
2. Аламүдүн айылындагы “№ 1 орто мектеп үчүн мультимедиялык класетын компьютердик жабдууларды сатып алуу” кичи долбоору бекитилсин.
3. Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууга наркынан 3,75% өлчөмүндөгү кошумча акы бекитилсин.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |