Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-февралы № 145-27
Автотранспорт жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын автотранспортту муниципалдык ишканалардын ыкчам пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө төмөнкү автотранспортторду муниципалдык ишканалардын убактылуу пайдалануусуна өткөрүп берүүгө уруксат берилсин:
А)“Аламүдүн айылынынын санитардык-экологиялык кызматы” МИге - 2001-жылы чыгарылган № ДАФ-55-180 автокранын жана 2007-жылы чыгарылган, прицеби бар ЛТЗ-60АБ тракторун;
Б) “Аламүдүн -АвтоТранс” МИге - 2003-жылы чыгарылган “Мерседес-Бенц 316 CDI тез жардам автоунаасын;
В)“Гидрокуруучу”ИСКАКБга- 2001-жылы чыгарылган KOMATSU 34D104E экскаватор жүктөгүчүн;
Г) “Муницкурулуш” МИге - 2019-жылы чыгарылган SHANTUISL SOW-2 автогрейдерин;
Д) “Шоола-Аламүдүн” МИге-1990-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц 709D автовышкасын;
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |