Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-декабры №141/XX-27
Жер үлүшүн бир контурдан экинчи контурга которуу жөнүндө
Жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын 14.02.2020-жылдагы №1 токтомунда айтылгандай, системдүү каттоого ылайык, Сазанов Джолдошпек Карамурзаевичке таандык болгон аянты 3.15 га жер үлүшү (сугат жер) 1031контурунда катталып, бирок факты жүзүндө ал жер үлүшү 1002 контурда экендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык, жогоруда аталган аянты 3.15 га болгон жер үлүшү (сугат жер) 1031 контурунан 1002 контуруна которуу муктаждыгы бар экенин угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д. Курманалиев атындагы айылдын К. Джакыпов көчөсүнүн №30 үйүнүн тургуну Сазанов Джолдошпек Карамурзаевичке таандык болгон аянты 3.15 га жер үлүшү (сугат жер) 1031 контурунан 1002 контуруна которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |